I. Моюн нервдери.
II. Көкүрөк нервдери.
III. Бел нервдери.
IV. Куймулчак нервдери.
V. Чычаң нервдери.
-/-
1. Баш мээ.
2. Аралык мээ.
3. Ортоңку мээ.
4. Варолиев көпүрөчөсү.
5. Мээче.
6. Сүйрү мээ.
7. Каракуш мээ.
8. Моюн жону.
9. Бел жону.
10. Куймулчак (жон мээ).]] Баш мээ нервдери(лат. cerebrum, др.-грек. ἐγκέφαλος)Борбордук нерв системасынын бөлүгү.

Нервдер түзөтүү

Мээнин сүмбөсүнүн алдыңкы бетинен чыккан 12 жуп нерв бар: жыт сезүү, көрүү, көздү кыймылдатуучу, чыгырык нерви, үч ача, көздү сыртка тартуучу, бет нерви, угуу, тил-кулкун нерви, адашма, кошумча нерв, тил алдындагы нерв. Бул нервдер бири биринен айырмаланып, өзүнө тийиштүү гана милдеттерди аткарат. Ошондуктан алардын бири жабыркаса калгандары анын милдетин эч аткара албайт. Алар аткарган милдеттерине жараша кыймылдатуучу жана сезүүчү нервдер деп эки топко бөлүнөт.

Қыймылдатуучу нервдер түзөтүү

Қыймылдатуучу нервдерге 3-,4-, 6-, 11ж-а 12-Баш мээ нервдери кирет. Баш мээ нервдеринин сезүүчү нервдери: 1-, 2-, 8-жуп нервдер. Ал эми 5-үч ача, 7-бет нерви, 9-тил-қулқун нерви жана 10-адашма нервдер болсо, сезүү жана қыймылдатуу милдетин атқарат. Аталған нервдердин жүлүн [1] мээ нервдери сыяқтуу мээде жайғашқан борборунан башқа, мээден тышқары жайғашқан сезгич түйүндөрү (сыртқы борборлору) да бар. Алсақ, үч ача нервдин — гассер түйүнү, тилқулқун нервинин — таш сымал түйүнү, адашма нервдин — түйүнчө жана күрөө түйүндөрү мээден сыртта жайғашқан.

Сезгич нервдери түзөтүү

Ошондой эле таза сезгич нервдер да өз бөлүгүндө сезгич элементтерди алып жүрөт. Алсак, 3-, 7-, 9ж-а 10-нервдер аркылуу көздүн ички булчуңдарына, шилекей бездерине, жүрөккө, карынга, боорго жана уйку безине көп сандаган парасимпат нерв талчалары барып, аларды нервдештирет.


Ошентип, Баш мээ нервдери өздөрүн кыймылдаткыч, сезгич жана парасимпат талчалары аркылуу сезүү органдарынан (жыт сезүү, көрүү, даам сезүү жана угуу) башка баштын терисин, мээ кабыктарын, баш булчуңдарын, тилди, кулкунду, кызыл өңгөчтү, моюн булчуңдарын, тамак сиңирүү жана дем алуу органдарын (көмөкөйдү, кекиртекти, бронхторду жана өпкөнү) нервдештирет. Бул нервдер сезүү органдарынын нервдери гана болуп эсептелбестен, жашоодогу эң керектүү дем алуу, кан айлануу жана тамак сиңирүүнү башкарат.

Кыймылдатуучу нервдин талчалары баш мээде жайгашкан негизги кыймылдаткыч борбордон башталат. Ал эми сезүүчү нервдердин талчалары болсо, сырттан (териден, мурун көңдөйүнөн, көздөн, кулактан жана тилден) башталып, баш мээдеги борборлорго барып түшөт. Бул мээдеги борборлор өздөрүнүн бутакчалары аркылуу мээ сүмбөсүнүн көп борборлору, мээ кыртышы, кара куш мээ жана жүлүндүн борборлору менен тыгыз байланышкан. Мына ушул борборлорду байланыштыруучу көп сандаган нерв талчалары аркылуу бардык борборлор кабарлашып турат.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Жүлүн

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 [[]]