Бекке ыкмасыкатуу заттын сынуу көрсөткүчүн өлчөөчү иммерсия ыкмасынын бир түрү. Изилденүүчү зат майдаланган түрдө бир тамчы суюктукка салынат да, микроскоптон каралат. Сынуу көрсөткүчү эки башка болгон эки чөйрөнүн чегинде интерференция кубулушу менен толук ички чагылуунун негизинде жука жарык тилке – Бекке тилкеси пайда болот. Микроскоптун тубусун көтөргөндө бул тилке сынуу көрсөткүчү n чоң болгон, ал эми төмөн түшүргөндө n кичине болгон затты көздөй жылат. Суюктук менен андагы заттын сынуу көрсөткүчтөрү бирдей болсо, бул тилке жоголот. Сынуу көрсөткүчтөрү n белгилүү болгон түрдүү суюктук аркылуу катуу заттын сынуу көрсөткүчү аныкталат. Бул ыкма en:Friedrich Johann Karl Becke (1855–1931).[1] тарабындан иштелип чыккан.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Davidson, Michael W. Friedrich Johann Karl Becke (1855–1931). Molecular Expressions. Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2018.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0
  • Nesse, W. D. (2012). Introduction to Optical Mineralogy. Oxford University Press. ISBN 978-0-19-984627-6.