Белгилерди оптикалык таануу

Белгилерди оптикалык таануу - (Optical Mark Recognition OMR) социологиялык изилдөөлөрдөгү суроо баракчаларын же сынак ведомостторун иштетүүдө көп колдонулуучу түзүлмөлөр. Коюлган суроолорго жооптор калыпка орнотулган белгилер менен көрсөтүлөт, аларды компьютер программасынын жардамы менен окуп, алдынала киргизилген жооптордун ачкычтары менен салыштырып иштетилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4