Берилиштер базасынын администратору

Берилиштер базасынын администратору (Database administrator-Администратор базы данных). Берилиштер базасынын бардык аракеттерин башкарууга жоопкерчиликтүү адам. Чакан мекемелерде бул адамга адатта компьютер ресурстарын жалпы башкаруу сыяктуу кошумча жоопкерчиликтер жүктөлөт. Орто жана чоң мекемелерде берилиштер базасынын администрациясы бир же андан көп толук иштеген адамдардын тобунан турат. Администратордун иши демейде төмөндөгү жоопкерчиликтерди камтыйт: Берилиштер базасын долбоорлоо. Администратор берилиштер базасынын долбоорун жана зарыл болгон учурда кайсы жерге талаа, файл жана жазылыштарды кошумчалоо керектигин аныктайт. Колдонуучуларды координациялоо. Администратор берилиштер базасында жайгашкан берилиштерди пайдаланууга колдонуучуларга ижарага берүүнү жана ал берилиштерди колдонуучунун таап колдонуп жатканын көзөмөлдөйт. Аткарууну контролдоо. Берилиштер базасынын аткарылышы демейде колдонуучунун талабына системдин берген жообунун убактысы менен өлчөнөт. Бул убакытка файл өлчөмү жана тиби, күн ичиндеги талаптар жыштыгы сыяктуу факторлор таасир тийгизет. Берилиштер базасын башкаруу системдеринин көпчүлүгү берилиштер базасын эффективдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында администраторго бул факторлорду текшерүүнү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн берген сервистик програмдарды камтыйт. Системдин коопсуздугу. Администратор мекеменин берилиштерине санкциясыз жетүүгө мүмкүндүк бербөө максатында берилиштер базасына жетүүгө уруксат берүүчү текшерүү системин орнотууга жооптуу. Берилиштерди бөлүштүрүү. Эгер берилиштер эки же андан көп серверде сакталса, администратор берилиштерди өз учурунда бөлүштүрүп туруу тартибин орнотот

Кошумча маалымат түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү