Бет — геометриялык негизги түшүнүктөрдүн бири. Калыңдыгы болбогон физикалык нерсе беттин модели катары эсептелет. Бетти мейкиндиктин эки чектеш областынын жалпы бөлүгү; кыймылдаган сызыктын изи катары да кароого болот. Бет ийри (томпок же иймек) жана тегиз (тегиздик) болуп айырмаланат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004