Бийик карындыз же сарындыз


Бийик карындыз же сарындыз — көп жылдык жапайы өсүмдүк. Ал Украина, Кавказ, Белоруссия, Батыш Сибирь жана Орто Азияда кездешет. Кыргызстанда кеңири таралып, бадалдардын арасында, суунун жээгинде жана башка нымдуу жерлерде өсөт. Негизинен тамыры дарылык касиетке ээ. Тамыры күзүндө же жаз алды менен казылат да, дароо муздак сууга жууш керек. Кургатуу алдында тамырларын туурасынан кесип бөлүп, ачык жерге кургатылат. Кургатылган тамырынын маңызы какырык чыгаруучу жана сезгенүүгө каршы зат катары сунуш кылынат. Майдаланган тамырды (15— 20 г) бир стакан сууга 10 мин. кайнатып, чыпкалап, күнүнө 4—5 жолу кашык менен ичүү сунуш кылынат.

Бийик карындыз
Бийик карындыз


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8