Бийликтин ресурстары жана түрлөрү

Бийликтин ресурстары жана түрлөрү - бийликтин субъектисинин (бийлик ээси) объектиге (бийликке баш ийгендер) таасир этүүдө колдонулуучу каражаттардын жыйындысы - бийлик ресурстары болуп эсептелет.

Бийликтин ресурстары - утилитардык, зордукчулук жана нормативдик болуп бөлүнөт. Утилитардык ресурстар - бул адамдардын күнүмдүк кызыкчылыктарына байланышкан материалдык ж.б. социалдык жыргал, бардык нерседен материалдык пайда чыгарып алууга умтулуучулук. Бул ресурстардын жардамы менен мамлекеттик бийлик кээ бир саясатчыларды эле эмес, элдин бүтүндөй бир катмарын сатып алышы мүмкүн. Бийликтин утилитардык ресурстары күткөн жыйынтыкты бербей калган учурда, б.а. кээ бир саясатчыны сатып алуу (кызмат берүү, кредит же башка жеңилдиктер ж.б.) мүмкүн болбой калган учурда бийликтин зордукчул ресурстары ишке кирет.

Буларга куугунтукка алуу, кээ бир күнөөлөрүн таап сотко берүү, экономикалык «блокада» түзүү ж.б. Ал эми бийликтин нормативдик ресурстарына - жетекчи менен баш ийгендердин максаттары, кызыкчылыктары бирдей экендигине ишендирүү, бийлик ээсинин аракеттери, кылган иштери туура экендигине колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу, анын айткандарын аткарууга ынандыруу кирет.

Бийликтин булардан тышкары дагы көптөгөн ресурстары бар: мажбурлоо, зомбулук, ишеним, харизма, ынаным, талам, укук, салттар ж.б.

Бийлик төмөнкүдөй элементтерден турат:

  • 1. Бийликтин булактары - авторитет, күч, кадыр-барк, мышам, байлык, билим, харизма, жашырын сыр, талам ж.б.
  • 2. Бийликтин субъектилери – мамлекет жана анын институттары, саясий элиталар

жана лидерлер, саясий партиялар.

  • 3. Бийликтин объектилери - индивид, социалдык топ, масса, тап, элдин катмарлары ж.б.
  • 4. Бийликтин функциялары - үстөмдүк кылуу, жетекчилик, жөнгө салуу, көзөмөл жүргүзүү, текшерүү, башкаруу, уюштуруу, жазалоо ж.б.
  • 5. Бийликтин ресурстары - мажбурлоо, зордук-зомбулук, ынандыруу, сыйлык берип

көтөрмөлөө, укук, салттар, коркутуу, мифтер ж.б.


Бийлик жүргүзүүнүн эки негизги ыкмасы бар, муну бийликтин «эки жүзү» деп коюшат.

  • Биринчиси, баш ийүүчүлөрдү бийлик ээсине жаккан иштерди жасоого түртүү.
  • Экинчиси, бийлик ээсине каршы иш жасаган же аракет кылгандарды басуу, жок кылуу.

Ушундан улам бийлик жүргүзүү - демократтык (бийликке баш ийүүчүлөр да катышат), авторитардык (чектелбеген бийлик, бирок ар бир адамдын үстүнөн толук көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылбайт), тоталитардык (объекттин үстүнөн болгон субъектинин толук көзөмөлү), конституциялык (мыйзамдын чегинде башкаруу), деспоттук (мыйзамсыз, чектелбеген, өз билгенин кылган бийлик), либералдык (адамдын эркиндигин жана укуктарын сыйлаган бийлик) ж.б. бөлүнөт.

Ресурстарына карап бийликти төмөнкүдөй түрлөргө бөлөт - экономикалык, социалдык, маданий-информациялык жана зордукчулук. Экономикалык бийлик - бул экономикалык ресурстардын үстүнөн көзөмөл, ар кандай материалдык байлыктарды менчиктөө. Бейпил жашоо мезгилинде экономикалык бийлик бийликтин башка түрлөрүнө салыштырганда биринчи орунда турат. Экономикалык бийлик материалдык байлыкты бөлүштүрөт.

Социалдык бийлик - бул кызматтарды, сыйлыктарды бөлүштүрөт, льгота менен артыкчылыктарды берет, элдин кеңири катмарын өзүнө тартыш үчүн социалдык саясаттын мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири. Маданий-информациялык (маалымат) бийлик - бул, биринчи кезекте, илимдин, билимдин, информациянын жана аларды таратуу каражаттарынын жардамы менен элдин үстүнөн бийлик жүргүзүү. Буга мораль, адеп-ахлактык жана дин бийлиги да кирет. Мындай бийликти жүргүзүү каражаттарына мектеп, жогорку окуу жайлары, массалык маалымат каражаттары радио, гезиттер, телекөрсөтүү ж.б. кирет.

Зордукчул бийлик - бул күч ресурстарына таянган жана күч колдонуу жардамы менен элдердин үстүнөн болгон көзөмөлдү билдирет. Бул бийликтин чордонун - армия, милиция, коопсуздук кызматы, сот жана прокуратура, түрмө ж.б. түзөт.

Саясий бийликтин бир катар өзгөчө белгилери бар:

  • 1) мамлекеттин чегинде күч колдонуунун легалдуулугу;
  • 2) башка бийликтер үчүн чечимдери милдеттүү болот, аларга үстөмдүк кылышат, башка мекемени же ишкананы чектеп же жоюп коюуга укугу бар;
  • 3) ачыктыгы жана жалпыга бирдейлүүлүгү, бүтүндөй коомдун атынан бийлик жүргүзөт;
  • 4) бир борбору болот, бардык саясий чечимдер бир борбордон кабыл алынат;
  • 5) ресурстарынын көп түрдүүлүгү, бул ресурстар жөнүндө жогоруда кенен айтканбыз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8