Блонский, Павел Петрович

Павел Петрович Блонский (1884–1941) – педагог жана психолог, педагогика илимдеринин доктору (1935).

Блонский, Павел Петрович

Павел Петрович Блонский
Толук аты-жөнү Павел Петрович Блонский
Төрөлгөн 26.5.1884 (14)
Киев
Көз жумган 15.2.1941
Маскөө
Мектеп Диалектикалык материализм
Кызыккан темалар Антикалык философия, Психология, Педагогика

Педологиянын эң алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан жана аны жетектеген. Блонскийдин баштапкы чыгармалары тарыхый-философиялык жана тарыхый-пед. өнүттө болгон. Эмгекке жана политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери СССРдеги мектеп системасынын курулушунда теоретикалык-педагогикалык негиздемелердин бири катары кабыл алынган.

Блонскийдин түрдүү курактагы балдардын табияты жана аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөру жөнүндөгу көз караштарын “Педология” (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде жалпылаган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психологиялык турмуштун келип чыгышы жана өнүгүшү психологиялык ишмердиктин түрдүү денгээлдери катары чечмелеген.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,