Боз коңорчок (Nitraria) - жуп жалбыракчандар тукумундагы өсүмдүк уруусу.

Бийикт. 0, 5-2 м бадал. Жөнөкөй жалбырактары калың, сабакка кезектешип жайгашат. Топ гүлү - бурулча, түсү сары же ак, 5 мүчөлүү. Аталыгы 10-25. Мөмөлүгү З уялуу, чаңдагычы 3 бөлүктүү. Мөмөсү ширелүү. Жер жүзүндө 8 түрү белгилүү, алар Австралия, Африка, Палестинада кездешет.

Кыргызстанда сибирь Боз коңорчокгу (N. Sibirica) жана шобер Боз коңорчогу (N. Schoberi) тоо этектеринин ак топурактуу, шордуу жана кумдак жерлеринде өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.