Болчaр байыркы кыргыз уруусу (6-10-кылым). Жазма булактарда болчарлар менен бирге «ач», «лп» аттуу кыргыздардын башка уруулары эскерилет. Кыргыз каганынан Тибетке барган (8-кылымдын баш чени) Эрен Улуг аттуу элчи Болчар уруусунан чыккандыгы маалым. Мындай маалымат Алтынкөлдөгү (Хакасия) кыргыздарга таандык таш бетине рун жазмасы менен чегилген эстеликте сакталып калган. О. Каратаев.

Колдонулган адабияттар түзөтүү