Бразилиянын аймактары — Бразилия Федеративдик Республикасын табигый, маданий, экономикалык, тарыхый жана социалдык шарттардагы жалпылыгына жараша аймактарга бөлүү.

Учурда Бразилия беш аймакка бөлүнөт (макроаймактар деп да аталат)[1]. Аймактарга бөлүү Бразилиянын география жана статистика институту тарабынан киргизилген жана ушул аймактарды түзгөн штаттардагы табигый, маданий, экономикалык, тарыхый жана социалдык шарттардын жалпылыгына негизделген.

Бразилиянын аймагын бөлүү расмий маалыматтарда дайыма колдонулуп келет, бирок федералдык деңгээлдеги өкмөттүк программаларга багыттоодон башка саясий таасири жок. Аймактарда башкаруу органдары жок[2].

Аймак Калкы (млн)

(2016)

Аянты (миң км²) Ири шаарлары Курамы
Борбордук-Батыш аймагы 15,6 1612 Бразилиа Федералдык округ жана 3 штат: Гояс, Мату-Гросу, Мату-Гросу-ду-Сул
Түндүк-Чыгыш аймагы 56,9 1561 Ресифи 9 штат: Алагоас, Баия, Мараньян, Параиба, Пернамбуку, Пиауи, Риу-Гранди-ду-Норти, Сеара, Сержипи
Түндүк аймагы 17.7 3870 Манаус 7 штат: Акри, Амазонас, Амапа, Пара, Рондония, Рорайма, Токантинс
Түштүк-Чыгыш аймагы 86,3 927 Сан-Паулу 4 штат: Минас-Жерайс, Рио-де-Жанейро, Сан-Паулу, Эспириту-Санту
Түштүк аймагы 29,4 577 Порту-Алегри 3 штат: Парана, Санта-Катарина, Риу-Гранди-ду-Сул

Борбордук-Батыш аймагы түзөтүү

Аянты боюнча Бразилиянын экинчи аймагы. Саваннадан тропикке чейинки климаттык алкактарды камтыйт. Калктын жыштыгы төмөн, жашоочулардын негизги кесиби дыйканчылык жана мал чарбачылыгы. Бул аймакта Бразилия борбору жайгашкан.

  • Аянты: 1,612,007. 2 км2 (18.86%)
  • Калкы: 13,357,154 (7,2 адам/км2; 6,4%)
  • ИДП: 279 миллиард риал / 174,3 миллиард АКШ доллары (2008; 8,3%) (4-орун)

Түндүк-Чыгыш аймагы түзөтүү

Климаты тропиктен кургакчылыкка чейин, узун жээк сызыгы. Калктын жыштыгы жогору, калктын саны боюнча аймактар арасында экинчи орунда турат. Бул курорттук аймак, ошондуктан калктын негизги кесиби туристтик кызматтар менен байланышкан. Мындан тышкары — машина куруу, текстиль өндүрүшү, какао өстүрүү ж.б. багытында иштеген ишканалар да жайгашкан.

  • Аянты: 927,286 км2 (10,85%)
  • Калкы: 80,303,750 (77,96 адам/км2, 38%)
  • ИДП: 1,629 триллион риал / 803 миллиард АКШ доллары (2008; ~49%) (1-орун)

Түндүк аймагы түзөтүү

Аймактар арасында аянты боюнча эң чоңу. Климаты экватордук, жогорку температура жана жаан-чачындын көптүгү менен айырмаланат. Калктын жыштыгы өтө төмөн. Экономиканын негизги тармактары — металлургия, энергетика, электроника жана каучук өндүрүшү.

  • Аянты: 3,689,637. 9 км2 (45.27%)
  • Калкы: 17,707,783 (4,6 адам/км2 6,2%; 2016)
  • ИДП: 308 миллиард риал / 94,8 миллиард АКШ доллары (2016; 4,7%) (5-орун)

Түштүк-Чыгыш аймагы түзөтүү

Аймак аянты боюнча салыштырмалуу кичинекей, бирок бул аймакта өлкөнүн калкынын дээрлик жарымы жашайт, ошондуктан калктын жыштыгы өтө жогору. Климаты тропиктик мелүүн. Бул аймакта ири шаарлар жана өнөр жай ишканаларынын саны абдан көп. Бул аймак Бразилиянын бизнес тармагынын борбору болуп санаталат.

  • Аянты: 927,286 км2 (10,85%)
  • Калкы: 80,303,750 (77,96 адам/км2, 38%)
  • ИДП: 1,629 триллион риал / 803 миллиард АКШ доллары (2008; ~49%) (1-орун)

Түштүк аймагы түзөтүү

Аянты боюнча эң кичинекей аймак, калктын жыштыгы жогору. Климаты тропиктик мелүүн. Экономиканын тармактары — машина куруу, энергетика, жемиш өстүрүү.

  • Аянты: 577,214 км2 (6,75%)
  • Калкы: 25,800,000 (43,46 адам/км2, 12,5%)
  • ИДП: 503 миллиард риал / 313,8 миллиард АКШ доллары (2008; ~15%) (2-орун)

Аймактардын этникалык курамы түзөтүү

Аймак Европалыктар[3] Африкалыктар[3] Американын түпкү калкы[3]
Түндүк аймагы (Бразилия) 68.80% 10.50% 18.50%
Түндүк-Чыгыш аймагы (Бразилия) 60.10% 29.30% 8.90%
Түштүк-Чыгыш аймагы (Бразилия) 74.20% 17.30% 7.30%
Түштүк аймагы (Бразилия) 79.50% 10.30% 9.40%

Булактар түзөтүү

  1. The Five Regions Of Brazil
  2. Anuário Mineral Brasileiro
  3. 3.0 3.1 3.2 The Genomic Ancestry of Individuals from Different Geographical Regions of Brazil Is More Uniform Than Expected

Тышкы шилтемелер түзөтүү