Булгаков Сергей Николаевич

Булгаков, Сергей Николаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Сергей Николаевич Булгаков (1871—1944) — орустун ири диний философу, ал өзүнүн дүйнө көз карашында татаал жолду басып өткөн.

Сергей Николаевич Булгаков.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Ал Орел облусунда, дин кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Москва университетинин юридикалык факультетинде бир нече курсту уккан. 1901-жылы Киев политехникалык университетинин саясый экономикасынын профессору, 1906-жылдан тартып — Москва университетинин доценти. 1911-жылы өкмөттүн университет автономиясын чектеген аракеттерине каршы нааразылык билдирүү менен башка профессорлор менен бирге отставкага кетет. 1918-жылы чиркөө кызматынын наамын алат. 1922-жылы совет өкмөтү тарабынан башка окумуштуулар, философтор жана жазуучулар менен бирге Россиядан сыртка айдалып жиберилет. Адегенде Прагада, андан кийин Парижде жашайт.

Сергей Булгаков жаш курагында башка орус философтору: Бердяев, Франк сыяктуу эле марксисттик көз карашты туткан, кийин марксизмден идеализмге өтөт да «Марксизмден идеализмге (1904) деген китепти жазат, ал эми акыры жүрүп отуруп, диний философиянын позициясына өтөт, ага чейин Вл.Соловьевдун философиясына кызыгууну да башынан өткөрөт.

Чыгармалары түзөтүү

Булгаковдун негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Эки шаар» (1911), «Чарба философиясы» (1912), «Кечки эмес жарык» (1917), «Отко күйбөс купина» (1927), «Философия трагедиясы» (1927) немец тилинде) жана башка православиелик чыгармалар.

«Эки шаар» деген макалалардын жыйнагында Булгаков өзүнүн марксизмден православиеге кантип өткөнүн түшүндүрөт. Ал мындай деп жазат: «ишмердигимди нукура коомчул болуудан баштап, бирок коомчулуктун идеалдарынын негизин иликтеп-изилдеп көрүп, бул негиз динде экендигин таанып-билдим. Жакшылык деген барбы, чындык деген барбы? Башка сөз менен айтканда бул: Кудай барбы? — деген сөз» [Эки шаар. 1-том, VІІ-б.].

Марксизм түзөтүү

Булгаков марксизмди сынга алат, бирок ал баарынан мурда марксизм келип чыккан өбөлгөнү — Фейербахтын философиясын сынга алат, андан кийин «Карл Маркс диний тип» деген макаласында марксизмдин өзүн сынга алууга өтөт. «Марксизм боюнча,— деп жазат Булгаков, — адамдар социологиялык топторго бөлүнүп калыптанат, ал эми бул топтор болсо түздөн түз келип эле мыйзам ченемдүү төгөрөгү төп геометриялык фигураларды жаратат, анткени тарыхта бул социологиялык элементтердин бир калыптагы кыймылынан башка эч кандай окуя болуп өтпөйт, инсан жөнүндөгү проблеманы жана камкордукту дал ушундайча алып салуу жана ашкере абстрактуулук марксизмдин негизги белгиси болуп саналат» [75-6.]. Булгаков өзүнүн сынында марксизм менен динди карама-каршы коёт. Ал мындай деп жазат: «Христианчылык инсанды көтөрмөлөйт, адамды анын өзүндө өлбөс духтун бар экендигин сезип билүүгө мажбурлайт, адамды индивидуалдаштырат, ал үчүн ички руханий өсүүнүн максатын жана жолун көрсөтүп берет, ал эми социализм болсо аны инсандык касиеттен ажыратат, анткени ал индивидуалдуулукту жан дүйнөсүнө эмес, анын социалдык дене-боюна көңүл бурат да, инсандын ички мазмунун бүтүнү менен социалдык рефлекстерге алып барып такайт» [II том, 30-6.]. Марксизм индивидуалдуулукту жок кылат жана адамзат коомун «кумурсканын же аарынын уюгуна айландырат» [I том. 94-6.]. Булгаковдун айтканы боюнча, марксизмдин диний мүнөзү, ошондой эле анын материалисттик өзөгү «ушул себептүү карама-каршылыктын дал өзү... инсанды инсандык сапаттарынан ажыратып, аны экономикалык мамилелердин рефлексине айландыруунун дал өзү, бирок ошол эле убакта аны теңирлештирип, аны адам-кудайга айландырганы да бар» [41-6.].

Булгаков жана дин түзөтүү

Диндин философиялык проблемаларын карап чыгууда Булгаков баарынан мурда диний аң-сезимдин антиномиясына токтолот. «Диний философия,— деп жазат Булгаков,— Теңирлик жок нерсенин (ничто) маңызы жөнүндөгү башкы проблемадан башка проблеманы билбейт» [Кечки эмес жарык. 146-6.]. Теңирлик жок нерседен диний аң-сезимдин антимонийлигинин проблемасы келип чыгат, ал бир жагынан, абсолюттук дүйнөдөн тышкары турган Теңирлик жок нерсени (ничто) тааныйт (бул тескери мүнөздөгү уламалык). Экинчи жагынан — абсолюттук өзүн Кудай деп билет, Кудай менен дүйнөнүн, адамдын ортосундагы айрыманы болжойт, бул болсо теңиртаанымга, теңирлик менен катышта болууга алып барат (бул оң мүнөздөгү уламачылык). «Чыныгы дин теңирликтин дүйнөгө төгүлүп түшүп келишине, ал дүйнөнүн ич-койнуна эркин түрдө куюлуп кирип турарына, анын адамга жакындашына, теңирликтин аян болуп жер-дүйнөгө төгүлүп турганына негизделе алат, же башкача айтсак, ал зарыл түрдөгү жакшылык жышаналардын, адамдагы Теңирликтин кудуреттүү да, кереметтүү да аракетинин иши болуп саналат» [151-6.].

Булгаков диний аң-сезимдин үч жолун айырмалоого болорун баса белгилейт, алар: «абстрактуу ойлом катарындагы кудайтааным, адамдын өз жан дүйнөсүнө мистикалык үңүлүүсү жана диний аян; мындагы биринчи эки жол үчүнчүсү менен байланышта болуу аркылуу гана тийиштүү мааниге ээ боло алышат, бирок ар кимиси өзүнчө обочолонуп кеткенде дароо эле жалган жолго айланат» [151-6.]. Булгаков үчүн кудайтаанымдын жападан-жалгыз жолу дүйнөнү жоктон бар кылып жаратуу аркылуу абсолюттуктан относителдүүлүккө өтүүнү таануу болуп саналат. «Жаратуу дегенибиз эманация плюс чыгармачылык менен жаратыла турган жаңы бирдеме! [178-6.]. Түпнегиз абсолют менен бир катарда бытие пайда болот, абсолют бытиеде өзүн жаратуучу катарында табат, ошонун өзүндө ачылып көрүнөт, ошондо ишке ашат, өзү да бытиеге жалгашат, бул мааниде алганда дүйнө дегенибиз калыптанып жаткан Кудайдын өзү. Кудай дүйнөдө гана бар жана дүйнө үчүн гана бар, сөзсүз мааниде алганда анын Бытиеси жөнүндө айтууга болбойт. Дүйнөнү жаратып жатып, Кудай муну менен өзүн да жаралууга дуушар кылат, Ал өзүн өзү кошо жаратат» [193-6.].

Соловьёв сыяктуу эле Булгаков да өзүнүн концепциясында ыйык София жөнүндөгү окууга көп көңүл бурат. Ал үчүн София — теңирлик «Идея», ал Кудайдын сүйүүсүнүн предмети, сүйүүнүн сүйгөнү болуп саналат. Ал сүйүүгө сүйүү менен жооп берет. Бардык нерсенин башаты анын боюнда, ал «түбөлүк аялдык назиктиктин» өзү. Ал дүйнөлүк жан, ал — жаратылган дүйнөгө карата алганда жаратуучу жаратылыш. София — бардык макулуктарга мүнөздүү болгон идеялардын органикалык биримдиги. «София,— деп жазат Булгаков,— дүйнөнүн универсалдуу инстинктивдүү аң-сезимсиз же өтө жогору аң-сезимдүү жаны... ал жан организмдердин түзүлүшүнүн таң каларлыктай максатка ылайыктуулугунан, түпнегиздин аңдан тышкары турган функцияларынан, инстинктеринен жарыя көрүнөт» [223-6.].

София териясы түзөтүү

Булгаковдун София теориясы эки Софиянын: теңирлик жана жаратылган Софиянын бар экендигин болжойт. «Теңирлик София идеялардын панорганизми катарында Кудайдагы түбөлүк адамзаттык нерсе, Теңирликтин прототиби жана адамзат бытиесинин негизи болуп саналат». София Кудайдын өзүндөгү Кудай образы катарында чыгат, ал образ бардык идеялардын идеясы болгон теңирлик идея тарабынан сулуулук катарында ишке ашырылган» [126-6.]. Софиядагы Кудай жеке Кудайды сүйөт, бул Кудай сүйүүнүн өзү жана ушул сүйүүгө жооп катарындагы сүйүү да болуп саналат» [127-6.]. Теңирлик София личность эмес, ал логосто ипостастырылып, түбөлүктүү теңир адамы, Кудайдын уулу, адам уулу катарында чыгат.

Жаратылган София — маңызы боюнча теңирлик Софияга окшош. Кудайда да, ошондой эле макулуктарда да бир эле София жарыя көрүнөт. Теңирлик София дегенибиз макулуктук Софиянын эле өзү, анткени «Кудай, мындай айтканда, жаратуу учурунда өзүн кайталап, Өзүн жок бытиеде (небытие) чагылдырган» [149-6.]. Ар бир жаратылган нерсе софийлик, анткени ал өзүнүн негизи жана нормасы болгон он мааниге же идеяга ээ» [234-6]. Адамдагы софиялык рух кош жыныстуу. Эркек менен аял бир эле руханий негиздин, толук түрдөгү Софиянын образдары (экинчи жана үчүнчү ипостастардын биринчи образы боюнча)» [Жубатуучу. 218-6.].

Макулуктук София теңирлик Софиядай эле индивидуалдуу сапатка ээ эмес, ал дүйнөнүн жаны жана адам личносту аркылуу көрүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү