Булгачы улусу

кыргыздардын улус-мамлекеттүүлүгү.

Булгачы улусу — ичкилик-15-кылымдын аягы - 16-кылымдын башында калыптанган кыргыз элинин негизги уюткусун түзгөн үч уруу бирикмесинин бири.

Булгачы улусу
улус
15 кылым — 16 кылым



Тил кыргызча, моңголчо

Тарыхы түзөтүү

Тарыхый жазма даректери караганда, Булгачы улусунун тутумуна ошол кездеги бостон, тейит, кыдырта, дөөлөс, канды, жоо кесек сыяктуу уруулар кирген. Булгачы наамындагы уруулар бирикмеси 12-13-кылымдын чегинен бери белгилүү. Ошол чакта ал бирикме Енисей-Иртыш дарыяларынын баш жагында дөөлөс (толос), баргут ж. б. уруулар менен аралаш, Енисей кыргыздары өлкөсүнө коңшулаш жашаган. Мындан кийинки 150 жыл убакыттагы Булгачы улусу урууларынын тарыхы азырынча белгисиз.

14-кылымдын аягында Булгачы улусу феодалдык уруулар бирикмеси катарында Или-Иртыш дарыяларынын аралыгында Тимурдун аскерлерине каршы аёосуз күрөшкөн. Акыры Тимур өзү баштаган кол басын киргенде, Булгачы улусу Алтайга чегинген. Туткунга түшкөн уруулар тобунун бир бөлүгү Түштүк -Батыш Тянь-Шанга жайгаштырылат. Кийин ушул жерге Булгачы улусунун негизги уюткусу топтолгон да, ал уруулар кыргыз элинин тутумуна ичкилик деген наам менен кошулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.