Бураново кемпирлери
Жалпы маалымат
Топтун аты: Брангуртысь песянайёс
Куралган жылы: 40 жыл мурда
Куралган жери: Бураново, Удмуртия
Активдүүлүк жылдары: 2008 - азыркы убакыт
Өлкө: Орусия
Жанр: поп, фолк
http://www.buranovskiebabushki.ru

Бураново кемпирлери (удм. Брангуртысь песянайёс)- Удмуртиянын Малапургин аймагындагы Бураново айылынын элдик-фольлордук кемпирлер тобу. Удмурт жана англис тилинде аткарылуучу «Party for Everybody» чыгармасы менен, Еврокөрүнүү 2012 ыр сынагындагы, Орусия өлкөсүнүн көрсөтүүчүсү.

Курамы түзөтүү

Ольга Туктарева түзөтүү

  • Ольга Николаевна Туктарева (43 жаш) — ансамблдын көркөм жетекчиси. Ольга Николаевна 1968-жылы 26-апрелде туулган. Перм Маданият Институтун аяктаган. Буранов айылынын маданият үйүнүн мүдүрү. Башка тилдерден удмурт тилине ырларды которот. Эки баланын энеси.

Алевтина Бегишева түзөтүү

  • Алевтина Геннадьевна Бегишева (54 жашта). Алевтина Геннадьевна 1958-жылы 3-февралда туулган. Эсепчи болуп иштеген, өмүр бою эски буюмдарды чогултуп жүргөн, азыр Буранов айылындагы маданият үйүнүн музейин жетектейт. Үч баланы тарбиялап өстүргөн.

Граня Байсарова түзөтүү

  • Граня Ивановна Байсарова (62 жаш). Граня Ивановна 1949-жылы 12 июлда туулган. Кесиби боюнча шыбооч-сырдагыч, "Ижевск МашЗаводунда" иштеген. 1975-жылы үй бүлөсү менен Бурановго көчүп келип, 20 жыл ичинде уй саап эмгектенген. Топтун баардык катышуучуларына сахнага чыкканда кийүү үчүн чокойлорду токуп берген. Алты баланы тарбиялаган, сегиз небереси жана бир чөбөрөсу бар.

Зоя Дородова түзөтүү

  • Зоя Сергеевна Дородова (71 жаш). Зоя Сергеевна 1940-жылы 15-апрелде туулган. Кесиби боюнча набайчы, Буранов набайканасында, колхоздо саанчы жана Бабин айылынын мектебинин ашканасында ашбозчу жана жетекчи болуп иштеген. Топтун тамак аш көйгөйүн камсыз кылат жана жооп берет. Жесир, бир кызды тарбиялаган жана эки небересин чоңойткону кызына жардам берет.

Галина Конева түзөтүү

  • Галина Николаевна Конева (73 жаш)

Валентина Пятченко түзөтүү

  • Валентина Семеновна Пятченко (74 жаш)

Екатерина Шкляева түзөтүү

  • Екатерина Семеновна Шкляева (74 жаш)

Наталья Пугачева түзөтүү

  • Наталья Яковлевна Пугачева (76 жаш)

Елизавета Зарбатова түзөтүү

  • Зарбатова Елизавета (86 жаш, өмүрүндө гастролго чыккан эмес, топ менен үйүндө гана ырдайт)

Дискографиясы түзөтүү

  • «Длинная-длинная береста и как сделать из нее айшон»
  • «Listen to the Babushka»
  • «Party for Everybody»

Шилтемелер түзөтүү