Бьеф - бири бирине удаалаш курулган плотиналардын же шлюздардын ортосундагы дарыя же каналдын бөлүгү.

Плотинадан жогору жаткан бөлүгү - жогорку Бьеф, төмөн жаткан бөлүгү төмөнкү Бьеф болот. Эки дарыянын нугун бириктирип, кеме өткөрүү максатында шлюздалып салынган каналдарда тепкич-тепкич түрүндөгү Бьеф түзүлөт. Эгерде канал эки нуктун арасындагы дөңсөө жерден кесип өтсө, ал дөңсөөнүн эң бийик жериндеги каналдын бөлүгү суу бөлгүч Бьеф деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.