ВадуцЛихтенштейн княздыгынын борбор шаары. Рейн дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 5,3 млн (2006). Алгач 1150-жылдан эскерилет. 1342-жылдан Вадуц княздыгынын борбору жана мезгил-мезгили менен графтыктын резиденциясы болгон. 1592-жылдан ярмарка өткөрүлөт. 1719-жылдан Лихтенштейн княздыгынын борбору. 1997-жылдан архиепископтун резиденциясы. 19-20-кылымдын курулуштары басымдуу. Сепил, «Лёвен» конок сарайы (1380), жаңы готика стилиндеги кафедралуу Ыйык Флорина собору, жаңы барокко стилиндеги өкмөт үйү, ратуша, музейлер бар. Текстиль, фармацевтика, так механика жана микроэлектроника буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. Туризм өнүккөн.

Вадуц
нем. Vaduz
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Лихтенштейн

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

XIII кылым

Аянты

17,316

Калкы
Калкынын саны

5 229 (2013)

Жыштыгы

301,98 адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+1

Колдонулган адабияттар түзөтүү