Асмус Валентин (1894–1975) – советтик философ, философия илимдеринин доктору (1940). 1919-жылы Киев университетинин тарых-философия факультетин бүтүргөн. Ушул жылдан илимий-изилдө жана педагогикалык иштерде болгон. Асмус 1939-жылдан Москва университетинин профессору, СССР Илимдер Академиясынын философия институтунун улук илимий кызматкери (1968-жылдан). «Философиянын тарыхы» аттуу эмгекти түзгөнгө катышкандыгы үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгын алган (1943-ж).

Негизги философиялык чыгармалары түзөтүү

Диалектика Канта – М., 1930; Логика – М., 1947: Учение логики о доказательстве и опровержении –М, 1954; Декарт – М., 1956; Демокрит – М., 1960; Немецкая эстетика 18-века – М., 1963; Избранные философские труды. Т. 1–2 – М., 1969–71; Иммануил Кант – М.,1973: Платон – М., 1975; Античная философия – М., 1976. жана башкалар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8