Вегетатив неврозу - вегетатив нерв системасынын функциясынын бузулушунан пайда болгон ар түрдүү оорулар.

Көп капа болуу, кайгы тартуу, үй-бүлөдөгү жанa иште­ген мекемедеги узакка созулган тескери эмоциялар вегетатив нерв системасы аркылуу адамдын денесиндеги кээ бир органдардын иштерин начарлатып, Вегетатив неврозу пайда кылат. Вегетатив неврозу жалпы жанa жекече болуп бөлүнөт.

Жалпы неврозго: истерия, неврасте­ния, психоастения; жекечесине: айрым органдардын (карындын, өт кабыкчасынын, жүрөктүн ж. б.) невроздору кирет. Оорунун белгилерине таман менен алакандын тердеши, чыйрыгуу ж. б. кирет. Жүрөк неврозунда жүрөктүп тушу ооруп, тамыр тез-тез кагат, кээде анын ритми бузулат. Карын неврозунда көңүл айныйт, кекиртет, зарна болот.

Вегетатив неврозу функциялык оору болгону менен көпкө созулуп кабылдап кетсе, ал бара-бара ошол ор­гандардын орг. оорусуна алып келиши мүмкүн.

Өз убагында аныктоонун, дарылоонун жанa алдын алуунун абдан чоң мааниси бар. Дарылоонун эң негизгиси — психотерапия.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.