Верещагин Василий Васильевич

Верещагин, Василий Васильевич‎»‎ барагынан багытталды)

Верещагин, Василий Васильевич (1842-1904) - айтылуу орусиялык сүрөтчү.

Баталист. 1860–63-ж. Петербург Сүрөт академиясында А. Т. Макаровдон, Ф. А. Мюллерден сабак алган.

1864–65-ж. Парижде Ж. Л. Жеромдун өнөрканасында окуган. Россия, Батыш Европа, Сирия, Палестина, Индия, Япония ж-а АКШ өлкөлөрүнө көп саякат жасаган. Орто Азияны басып алууга, 1877–78-ж. орус-түрк, 1904–05-ж. орус-япон согуштарына катышкан. В. сүрөттөрүндө өзү катышкан окуяларды же саякат мезгилинде өз көзү м-н көргөндөрүн тарткан.

Сүрөттөрүн тематикалык серияларга бириктирген: 1871–74-ж. «Түркстан»,

1877–78-ж., 1880-жылдарда «Балкан», 1887–1904-ж. «1812-жылдагы Ата Мекендик согуш» сериялары. В.

этногр., турмуш-тиричилик ж-а пейзаждык живопись жаатында да көп иштеген.

Ал 1869–70-ж. Кыргызстанда болгон. Кыргыз жергеси тууралуу көптөгөн эмгектери («Чүй суусунун боюндагы кыргыз боз үйү», 1869, «Кыргыз көчү», 1874, «Куш кармаган кыргыз байы», 1871, ж.б.) ж-а «Ысык-Көлдүн бою», «Барскоон өткөөлү», «Ала-Тоо аймагында» ж.б. этюддары кирген. Чыг-нда кыргыз элинин каада-салтын, турмуш-тиричилигин чагылдырган.

Ал өз сүрөттөрүндө кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын, турмуш-тиричилигин таасын сыпаттаган.

Колдонулган адабияты түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)