Витебск облусу - Беларусияда 1938-ж. 15-январда түзүлгөн. Батыш Двина менен Днепрдин жог. агымында, республиканын түн.-чыгышында.

Витебск областы
Өлкө

Беларусь

Административдик борбор

Витебск

Б.ири шаары

Витебск
 Орша
 Полоцк
 Новополоцк

Башчысы

Николай Николаевич Шерстнёв

Калкы

1 193 587

Жыштыгы

29,8 адам/км²

Улуттук курамы

85.1% – белорустар, 10,2% – орустар, 1,2% - украиналыктар, 0.9% - поляктар

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

BY-VI

Расмий сайты

Борбору Витебск ш. Жери түзөң. Деңиз деңг. 150—295 м бийик. Эң чоң түздүгү — Полоцк. Мында доломит жана доломиттүү аки таш кендери чыгат.

Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. температурасы — 7,5°С, июлдуку 17,5°С. Жылдык жаан-чачыны 550—650 мм. Дарыялары Балтика жана Кара деңиздеринин алабына кирет. Ирилери: Днепр ж-а Батьпп Двина. Көлдөрү: Освейский, Снуды, Дривяты ж. б. Жер кыртышы чымдуу күл топурактуу. Областтын аймагынын 33,4% токой. Түндүгүндө карагай жанa кызыл карагай, түштүгүндө кайың, ольха, бай терек өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.