Газневилер мамлекети (977–1186) – түркий тилде сүйлөгөн элдердин династиясы. Саманилердин аскер башчысы Алп-Тегин негиздеген. Аскер кызматчылары гулямдарга таянып, Алп-Тегин 962-жылы өзүн Газна шаарынын башкаруучусу деп жарыялаган. Шаардын аталышы боюнча жаңыдан түзүлгөн мамлекет Газневилер мамлекети деп аталган.

Газневилер мамлекети (1040).

Газневилер амалекети Себук-Тегиндин (977–997) жана анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда абдан күчөгөн. Мамлекеттин курамына азыркы Ооганстан менен Иран, Орто Азиянын айрым аймактары, Индиянын түндүк жана түндүк-батыш бөлүгү кирген.

Өлкөнү башкаруу үчүн чыңдалган мамлекет аппарат түзүлүп, башкаруучулар өз мүдөөлөрүн аткаруу үчүн илим менен маданиятты өнүктүрүүгө умтулушкан.

Газневилердин ак сарайында көрүнүктүү окумуштуулар жана акындар (Беруни, Бейхаки, Фирдоуси жана башка) турушуп, өтө маанилүү илимий эмгектерди жана көркөм чыгармаларды жазышкан.

Газневилер мамлекетинин аскерлери дайыма жортуулга чыгышып, басып алган аймактарын бүлдүрүп, калкын тоноп, кул кылышкан. Мындай жырткычтык иштер газневилер менен начарлатып, карапайым элди күрөшкө түрткөн. Масуд Iнин тушунда (1030–41) мамлекет ыдырай баштаган; 1040-жылдан кийин алардын карамагында азыркы Ооганстан менен Пенжаб аймагынын бир бөлүгү гана калган.

12-кылымдын 70-жылдарында гурилер Газневиге каттуу сокку урган, аларды Түндүк Индиядан сүрүп, Лахор шарын тартып алган. Ушундан соң Газневилер мамлекети жана династиясы толук жоюлган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү