Газ анализи – газ аралашмалары курамын сапат жана сан жагынан аныктоо. Хроматография, спектрдик жана массспектрометрдик анализ татаал аралашмалар түзгөн компонентти түздөн-түз аныктоодо колдонулат. Бул методдор агрессивдүү жана инерттүү орг. эмес жана орг. заттар аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Алар экспресстүүлүгү, тактыгы, жогорку сезгичтүүлүгү менен мүнөздөлөт. Алынган жыйынтыктар тууралыгын таза газдан даярдалган стандарттык аралашмалар анализи аркылуу текшерүүгө болот. Анализденүүчү газ аралашмасын алдын ала бөлүп алууда ректификация, сорбция, масса алмашуу, центрифугирлөө жана хим. реакциялар колдонулат. Бөлүнүп алынгандан кийинки компоненттер титрометрялык, фотометриялык жана башка методдор менен аныкталат. Көпчүлүк учурда анализденүүчү газдар эритмеге сиңирилип алынып кулонометриялык, потенциометрдик жана вольтамперметриялык методдор менен аныкталат. Кээ бир учурда, Г. а. компоненттер физ.-хим. касиеттеринин (тыгызд., жылуулук өткөргүчтүүлүгү) айырмасына негизделет. Г. а.-газоанализатордо жүргүзүлүп, атмосферанын курамын аныктоодо, газ түрүндөгү заттар сапатын жана технологиялык процесстер жүрүшүн көздөмөлдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү