Газ гангренасы (анаэробдук инфекция) — жараат инфекциясынын эң оор түрү. Аны кычкылтексиз чөйрөдө гана жашоочу микробдор (анаэробдор) пайда кылат. Оору козгоочу анаэробдор табиятта көп тараган. Кишинин жана жаныбарлардын ичегилеринде такай жашайт, топуракта да болот. Кээде анаэробдор кишинин терисинде, төшөнчүсүндө, кийимдеринде жолугат. Анаэробдор жараат (көбүнчө ок тийген) топурак менен булганганда жугат. Жанчылып, басылып, жабыркаган ткандардагы кан тамырлардын жабыркоосунан ал жерге кычкылтекке бай кан келбей калып, анаэробдордун өөрчүшүнө шарт түзүлөт.

Газ гангренасы

Организмдин ар кандай алсыздануусу — кан жоготуу, шок, суук тийүү, өтө чарчоо инфекциянын өнүгүшүнө жана таралышына түрткү берет. Газ гангренасында жумшак ткандар өтө тез шишип, анда газ толгон ыйлаакчалар пайда болот, андан кийин ткандар өлө баштайт. Алгачкы белгилери — жараат катуу ооруп, ткань чыңалып шишийт, дене температурасы көтөрүлөт.

Газ гангренасыөтө коркунучтуу кабылдоолордун бири. Алдын алууда жараатты булгануудан сактап, биринчи жардам көрсөтүү (антисептикалык таңуу) зарыл. Оорулууну шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарылоо мекемелерине жеткирүү керек.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8