Галлюцинация (лат. hallucinatio – жөөлүү, кош көрүүнү, элес) –эсте тутулуп калган элес, субъекттин ички рухий процесси реалдуулук катары кабыл алынган далилдегенге татаал сезимдердин жаңылышы. Жалган түшүнүктөрдү өзүнө камтыгандыгы боюнча галлюцинациялар иллюзияларга окшош, бирок иллюзия галлюцинациядан айырмаланып, реалдуу объект тарабынан чакырылат.

Учурдагы галлюцинациялардын жалпы теориясында эки гипотеза басымдуулук кылат.

  1. Тиричилик тажрыйбасы, узак убакыт сакталуучу физикалык өзгөрүүлөрдүн пайда болушуна алып келет (аларды ар түрдүү айтышат: энграмма, калып, үлгү, нервдердин изи же тагы). Алар эстин, ойдун, элестетүүнүн иштөөсүндө сыртка чыгат.
  2. Чөйрөдө болгон ички жана тышкы таасирдин ортосунда ар дайым өзгөрүлүп турган тең салмактын натыйжасында физиологиялык жана маданий факторлор галюцинациялардын мазмунунун жана маңызынын себеби болот.

Көпчүлүк учурда галлюцинациялар түшкө окшош. Адам уктаганда мээге келип турган сенсордук маалыматтардын саны азайып, аң-сезимдин деңгээли төмөндөйт. Андан тышкары маңыз аң-сезим чөйрөсүнө кирет. Ойго турганда ушундай эффект мээге келип турган сенсордук сигналдардын саны кескин түрдө азайып кетишинин натыйжасы болушу мүмкүн. Галлюцинация учурунда адамдын көргөндөрүн көрүнчү деп, ал эми кулакка угулган Галлюцинацияларды акоазмдар деп аташат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8