Фрэнсис Гальтон (англ. Francis Galton; 16 февраль 1822 — 17 январь 1911) – англис психологу жана антропологу; евгениканын негиздөөчүсү.

Фрэнсис Гэлтон

Гальтон өзүнүн дене жана рух сапаттары боюнча ийгиликтүү тукум жаралган жана начар муундарынын жаралышынан алдын ала сактануу шарттарын окуп-изилдеген. Анын биологиялык эволюционизмдин негизинде белгиленген тукум куучулук эрежесине (Гальтондун эрежеси) ылайык, салыштырмалуу жогору жана эң жогорку таланттуулуктун кээ бир учурунда, бир түрдүү индивиддердин чектен чыгуусу максимумдун жогорку маанисинин тегерегинде өйдө-ылдый болуп турат.

Психикалык сапаттарды диагностикалоо максатында Гальтон лабораториялык изилдөө тажрыйбасында кеңири таралган бир катар аспаптарды, көптөгөн илимий методикаларды иштеп чыгарган.

Гальтон индивидуалдык айырмачылыктарды аныктоо үчүн тесттерди колдонуу идеясын сунуш кылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8