Гартман Николай Фон (1882–1950) – немец философу.

Гартман, Николай Фон
Толук аты-жөнү Николай Гартман
Англис тилинде Nikolai Hartmann
Төрөлгөн 20.2.1882
Орусия империясы, Лифлянд губерниясы, Рига
Көз жумган 9.10.1950
ФРГ, Гёттинген

«Таануунун метафизикасынын негизги өзгөчөлүктөрү» (1921) аттуу китебинде Г. таануунун метафизикасын субъект-объект мамилелерин кең, онтологиялык перспективада карайт. Бул маселени Г. феноменологиянын интенционалдуулук түшүнүгүнүн жардамы аркылуу субъект м-н объектинин ортосундагы катнашты имманенттик – трансценденттик катары кароонун аркасында чечүүгө умтулган. Бул позицияга жараша таануу заты таануу процесстеринен тышкары болуп, өз алдынча реалдуу болмуш болуп эсептелинет. Ушул себептен Г-дын концепциясы реалдуу болмуш – бул трансценденталдуу субъективдик деп эсептеп, ошону м-н бирге аң сезим алкагында трансценденттүү м-н имманенттүүнүн ортосунда айырмачылыкты калтырган Гуссерлдин окуусуна окшошпойт. Ошондуктан Шелерге таянып, Г. болмуштун реалдуулугун белгилейт, бирок анын реалдуулукту спиритуалдык интерпретациялаганына макул эместигин айтат. Спиритуализм м-н келишпеген пикирлерди Г. өзүнүн «Мүмкүндүк жана чындык» (1938) деген эмгегинде модалдуулуктарды анализдейт да, Г. төмөнкү чечимге келет: мүмкүндүк негизинен бул зарылчылык, ал эми зарылчылык өз кезегинде, бул чындык. Мүмкүндүк болуп реалдуу болгон же боло турган нерсе эсептелинет, ал эми реалдуу мүмкүндүктүн чындыктан эч айырмасы жок. Чындык бул бирден бир атрибуту таасирдүүлүк болгон болмуш. Философияны болмуштун түрдүү катмарларын, дүйнөнүн кубулуштарын (органикалык эмес, органикалык, руханий) изилдөөчү илим катары карайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү