Гелиоцентризм (грек. helios – Күн) – дүйнөнүн гелиоцентристтик системасына ылайык, өзүнүн огунун тегерегинде айланган Жер, Күндүн тегерегинде айланган планеталардын бири.

Күн системасынын сүрөтү Андреаса Целлариустун Harmonia Macrocosmica ктебинен(1708)

Ушундай системаны жактап айтылган пикирлер Аристарх Самосский менен Николай Кузанскийде ж. б. кездешсе да, бул теориянын чыныгы жаратуучусу болуп, аны математикалык негиздеген жана ар тараптан иштеп чыккан Коперник эсептелет. Илимдин өнүгүүсү менен Коперниктин системасы такталып, толукталган: Күн ааламдын борборунда эмес, күн системасынын борборунда турат.

Ушул системаны негиздөөдө абдан чоң роль Галилейге, Кеплерге, Ньютонго тиешелүү. Гелиоцентризм Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылыш мыйзамы менен механиканын мыйзамдары планеталардын кыймылдоосунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүргөнүнөн кийин биротоло жеңишке ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8