Клод Адриан Гельвеций (1715—1771) — көрүнүктүү француз философу.

Клод Адриан Гельвеций.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Анын атасы Парижде корол сарайында дарыгер болгон жана уулунун салык ведомствосунун кызматкери болушун каалап, аны финансистик карьерага даярдайт. Чынында да атасы ага көп киреше алып келе турган башкы салык жыйноочунун кызматын алып берет. Бирок Гельвецийдин бул кызматтан көңүлү калат да, бир аз убакыттан кийин андан баш тартып, өзүн толугу менен философиялык жана адабий иштерге арнайт. Ошол кездеги эң көрүнүктүү акылмандар — Вольтер, Монтескье, Фонтенел, Бюффон менен тааныш болгон. Париж салондоруна барып турат, өзүнүн менчик салонун ачат, энциклопедисттер чөйрөсүнө кирет.

Биринчи чыгармасы түзөтүү

Гельвецийдин биринчи жарыяланган чыгармасы — «Акыл жөнүндөгү» эмгек, ал мунун үстүндө 20 жылдан көбүрөөк убакыт иштейт. Бул китеп өзүнүн идеялары менен реакциячыл чөйрөлөрдүн кыжырын келтирет жана өрттөп жиберүүгө өкүм кылынат. Гельвеций андан эки жолу баш тартууга аргасыз болот. Китептин айыпталышынан улам «Энциклопедияга» тыюу салынат.

Материя тууралуу түзөтүү

Гельвеций боюнча, материя бул жөн гана касиетти билдире турган сөз. Ошол эле убакта ал бизди курчап турган дүйнөнү обьективдүү түрдө жашап, чексиз жана тынымсыз кыймылда болуп турган нерсе катарында түшүнүп, аны ар кандай өзгөрүү катарында кеңири караган.

Адам таанымы, Гельвецийдин пикирине ылайык, сезимдик-эмпирикалык негизге ээ. Ал көп учурда таанымды жөнөкөй сезимге алып барып такаган сөздөрдү айтса да, бирок муну менен эле бирге ал акыл-эс сезимден өнүгүп чыккан, ал эми аң-сезим — жаратылышты таанып-билүүнүн эң жогорку этабы деп эсептеген. Аң-сезимдин пайда болуп калыптанышы адамдардын эмгек ишмердиги менен байланыштуу экенин баса белгилеп көрсөткөн.

Гельвеций реалдуу нерселер жөнүндө билим берүүгө жөндөмдүү болгон таанымдын чексиз мүмкүнчүлүгүнө ишенген. Гельвеций биздин жаңылыштыктарыбыздын мүнөзү жөнүндө өз пикирин айтып, жаңылыштыктын эки түрү бар деп эсептеген, анын биринчиси — түркөйлүктө көрүнөт, экинчиси — жалган идеялардан улам пайда боло турган жаңылыштыктар.

Адеп-ахлак жөнүндөгү илими түзөтүү

Гельвеций адам психикасынын физикалык негизине байырланган «адеп-ахлак жөнүндөгү илимди» түзүүгө аракеттенет. Ал эки сезимден: жыргалды сүйүү сезими менен азап-кордукка карата жийиркенич сезиминен «өзүн өзү сүйүү» деп атала турган нерсе пайда болот деп жазат. «Өзүн өзү сүйүүнү» ал «биздин бардык иш-аракеттерибиздин алгачкы импульсу катарында аныктайт. «Өзүн өзү сүйүүнүн» негизинде келип пайда боло турган үч башкы тетик: ышкы-кумарлык, бакытка умтулуу, кызыкчылыктар. Ал өзүнүн жобосун төмөнкүчө ачып көрсөтөт: «Адеп-ахлак дүйнөсүндө кумарлануу физикалык дүйнөдө кыймыл кандай мааниге ээ болсо ошондой эле мааниге ээ, кыймыл баардыгын түзөт, сактайт, жандандырат, ансыз баардыгы өлүмтүк болор эле: кумарлануу адеп-ахлак дүйнөсүндөгү бардык нерсени жандандырат». Мында, өзүн өзү сүйүүнү жетекчиликке алып, адамдар бакытка умтулушат, «ырахаттануу адам каалагандардын бирден бир предмети». Мындан башка да адамдар дайыма өз кызыкчылыктарынын чектеринде аракет кылышат. Бардык ушул факторлор өз ара тыкыс байланышып жана чырмалышып турат, бирок ошондой болсо да Гельвеций үчүн башкы категория — адам ишмердигинин негизги өзөгүн түзгөн кызыкчылык болуп саналат. Ал жеке кызыкчылыкты, айрым социалдык топтордун кызыкчылыгын жана коомдук кызыкчылыкты бөлүп айырмалайт.

Гельвеций адам тууралуу түзөтүү

Гельвецийдин ою боюнча, адамдын ар түрдүү тармактардагы иш-аракеттери жеке бир адамга, же адамдардын тобуна, же жалпы коомго пайдалуу болсо анда ал жакшылыктын адамы. Ал ошондой эле жеке кызыкчылыктар адеп-ахлак менен сыйышпайт жана жалпынын кызыкчылыгынын урматына басылып ташталууга тийиш деген пикирге да каршы чыккан. Адамдар өзүнүн жеке пайдасын коомдун пайдасы менен айкалыштырганда гана жакшылык иш жасаган болот деп эсептейт Гельвеций. Бул үчүн, дейт Гельвеций, өлкөнүн мыйзамдары индивиддин жеке кызыкчылыктары, жеке пайда көздөөчүлүгү жалпы кызыкчылыкка ылайык келе тургандай кылып түзүлүүгө тийиш. Гельвецийдин пикири боюнча, агартуу билимдерин таратуу жолу менен индивидуалдык кызыкчылыктар гана эмес коомдук кызыкчылыктар ар бир адамдын жеке кызыкчылыгы болуп кала тургандай абалга жетишүү керек. Ал мындай деп жазат: «өзүнүн көнүмүш адаттары менен эң терең кумарланууларын жалпы кызыкчылык үчүн садага чаап жиберген адам жакшы адам эмес, мындай адамдын болушу мүмкүн эмес, ал эми өзүнүн эң күчтүү кумарлануусу коомдук кызыкчылык менен ушунчалык даражада сыйышып турса, андай адам дээрлик дайыма жакшылыктын адамы болуп кала алат» [Чыгарм. 1-т.,413-б.].

Гельвеций адеп-ахлакты дин менен окшоштурууга, ошондой эле диний фанатизмге каршы чыккан. Жакшы жүрүш-турушту «диндин принциптерине эмес..., бирок кыянаттык менен пайдаланууга жеңил боло койбой турган принциптерге негиздөө керек, ал эми жеке кызыкчылыктын мотивдери мына ушундай» [Чыгарм. 1-т. 314-6.].

Гельвеций жакшы жүрүш-турушка тарбиялоого чоң маани берген. Адамдар интеллектуалдык жактан туулгандан бирдей болуп туулат. Ал эми кийин келип пайда боло турган акыл-эс жагындагы теңсиздикти Гельвеций тарбиядагы айырма менен түшүндүргөн. Тарбияны ал педагогиялык мааниде гана эмес, андан кеңири мааниде түшүнгөн, социалдык чөйрөдө адамга таасир көрсөтүүчү эң эле ар түрдүү факторлор тарбия бериши мүмкүн. Бул факторлордун ичинен канткен менен да ал башкаруу формасына чечүүчү маани берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү