Гематома (байыркы грек. αἷμα — кан + ōma) — кырсыктардан же оорунун кесепетинен кан тамыр жабыркаганда ткандарда кандын чогулушу.

Файл:Hematoma Feb 07.jpg
Гематома

Гематома тери алдында, сөөк кабыгында, булчуң, былжыр чел, ички орган жана башкаларда пайда болушу мүмкүн. Анча чоң эмес гематома үстүңкү жумшак ткань урунганда болот, анда тери көгөрүп, шишип калат. Эгерде урунган, кокустаган жерге туура медициналык жардам көрсөтүлсө, ал жерде гематома болбойт. Жашоодо өтө маанилүү мээ, боор жана башка сыяктуу органдар кокустаганда тезирээк врачка кайрылуу керек, болбосо алардын гематомасы өтө оор кабылдап, өмүргө коркунуч туудурат.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8