Геометрикалык түзүү
Геометрикалык түзүү - ар кандай аспаптын жардамы менен геом. фигураларды түзүү. Геометрикалык түзүүдө белгилүү бир шартты канааттандыруучу фигураларды (түз сызыктар, п-бурчтуктар, айланалар ж. б.) түзүү маселелери каралат. Мында түзүү аспаптары алдын ала белгилүү болот. Булар классикалык аспаптар циркуль жана сызгыч же чектелген түзүүчү аспаптар (тик бурчтуктун моделиндеги сызгыч, четтери параллель болгон сызгыч ж. б.). Геометрикалык түзүү тегиздикте да, мейкиндикте да түзүүнүн постулаттарына таянат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.