Геометрикалык өзгөртүп түзүү
Геометрикалык өзгөртүп түзүү — бирдей катыштагы фигуралардын өлчөмдөрүн өзгөртүү; тегеректердин радиустарын бирдей чоңдукта чоңойтуу, белгилүү бир эрежени пайдаланып, берилген фигураны экинчи бир фигура менен салыштыруу.
Геометрикалык өзгөртүп түзүү ар түрдүүчө берилет. Алардын ичинен кобүроөк пайдаланганы — чекиттик өзгөртүп түзүү. Чекиттик өзгөртүп түзүү көп түрдүүлүктүн (сызыктар, беттер, мейкиндиктер) өзүнө өзүн чагылдыруу. Чекиттик өзгөртүп түзүүдө чекиттердин жыйындысы катары каралуучу ар бир фигура түспөл деп аталуучу жаңы фигурага өзгөртүлүп түзүлөт. Чекиттердин ортосундагы катыштарды байланыштыруучу чекиттик өзгөртүп түзүү сыяктуу эле, фигуралардын ортосундагы катыштарды түзүүчү фигуралык өзгөртүп түзүү да геометрияда кенири колдонулат.
Геометрикалык өзгөртүп түзүү элементтерди өзгөртүү, б. а. чекиттерди сызыктарга, сызыктарды чекиттерге айландыруу мүмкүнчүлүгүнө да ээ.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.