Гидрологиялык прогноз- суусактагыч, көл же өзөндө болуучу кубулуштар жөнүндө алдын ала илимий болжол жасоо.

Гидрологиялык прогноз алдын ала айтылуучу элементтердин режим мүнөзүнө жа­раша суу жана муз прогнозу болуп болүнөт.

Суунун Гидрологиялык прогнозунда сезондогу ж-а суу ташкын кезиндеги агымдын көлөмү, суунун киришинин ж-а ташуу денгээлинин максимуму жана түрдүү убакыттагы суунун орт. чыгымы, кирген суунун максимумга жеткен убакыты болжолдонот. Муздун Гидрологиялык прогнозуна өзөн, кол, суу сактагычтын ачылуу ж-а тоңуусу, муздун калыңдыгы ж. б. маалыматтары кирет. Гидрологиялык прогноз кыска (15 суткага чейин) жана узак мезгилдүү (15 суткадан бир нече айга чейин) болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.