Гиперемия (грек. Ὑπερ — «сыртынан» жана грек. αἷμα — «кан») — кандын ткань менен органга көп келиши. Артериялык жана кан тамырлык гиперемия болуп айырмаланат.

Артериялык (активдүү) гиперемия кан тамырды кеңейтүүчү нервдин тонусу күчөгөндө же кан тамырды ичкертүүчү нервдин тонусу начарлаганда артерия канынын көп келишинен болот. Кан тамырлардын физиологиялык дүүлүктүргүчтөрдү өтө сезгичтиги, ар кандай дүүлүк түргүчтөр (токсиндер, жогорку температура, ткандын ажыроо продуктулары жана башка), ошондой эле психогендик факторлор (уялуу, ачуулануу жана башка) себеп болот. Гиперемия болгон жердин артериясы кеңейип, ал жер ысып, кызарып чыгат (мисалы: беттеги гиперемия). Ткандарда алмашуу процесси күчөйт. Артериялык гиперемияда кан тамырлардын патол. өзгөрүүсүнөн кан куюлат. Дарылоо максатында горчичник жана оңко коюу менен жасалма артериялык гиперемияны пайда кылса болот.

Кан тамырлык (пассивдүү) гиперемия тырык, шишик, кан тамырлардын варикоздук кеңейиши жана башка кан тамыр капталын кысканда, жүрөк ишинин начарлашынан кан тамыр канынын агышы өзгөргөндө болот. Мында кан өтө жай агып, ал тургай токтоп калат. Ткандарга кычкылтек жетишпей, кан тамыр капталынын өткөргүчтүгү жогорулап, ак шишик басат. Дарылоо себебине жараша жүргүзүлөт.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8