Глухов Борис Григорьевич

Глухоб Борис Григорьевич (1941, Иркутск шаары)— композитор. Москвадагы П. И. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүргөн (1966). 1970—72-ж. Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу, 1972 — 76-ж. Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармониянын көркөм жетекчиси. 1976-жылдан Кыргыз мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин музыкалык редакциясында эмгектенет. Г. кыргыз музыка фольклоруна кайрылып бир нече көлөмдүү чыгармаларды жараткан. «Бабам Манас жөнүндө баллада» акапелласын Т. Кожомбердиевдин сөзүнө жазган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4