Гобино, Жозеф Артюр де (1816–1882) – француз философу, жазуучу, дипломат. Расизм идеологиясын негиздегендердин бири. Ал өзүнүн «адам расасынын теңсиздиги жөнүндө тажрыйба» деген эмгегинде (1853–55) теңчилдиктин бардык түрлөрүнө каршы чыгып, «ак», «кара», «сары» расага бөлүү табигый деп, социалдык институттар жана маданият раса тарабынан шартталарын далилдөөгө аракеттенген. Расалардын аралашуусу бир жагынан цивилизациянын чыгышынын жана өнүгүшүнүн булагы (ак расанын катышуусу менен), экинчи жагынан алардын жок болушуна себепчи экендигин Гибино баса белгилеген. Ошону менен катар Гобино евроцентризмди сындаган.

Гобино

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8