Гомеостаз, гомеотазис (гр. homeo жана stasis – кыймылсыз абал) – өзүнүн параметрин жана физиологиялык функциясын белгилүү диапазондо кармаган организмдин касиети тышкы чөйрөнүн таасирине ички организмдин чөйрөсүнүн туруштук беришине негизделген.

Гомеостаз идеясы биринчи жолу француз окумуштуусу К. Бернар тарабынан негизделген (1878). 1929-ж. америкалык биолог У. Кеннон өзүнүн «дененин акылы» деген концепциясына байланыштуу Гомеостаз терминин колдонууга киргизген. 1948-ж. У. Р. Эшби (Улуу Британия). Гомеостаз түшүнүгүн кеңири топтуу системаны моделдештирүүнү негиздөө үчүн колдонгон.

Гомеостаз түшүнүгүндө табигый жана жасалма системага мүнөздүү өзгөрмө жана туруктуу диалектика чагылдырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү