Гризайль (французча  grisaille, gris – боз) – 1) адатта жасалгалык багыттагы, боз түстөгү монохромдук живопись. Жасалгалануучу дубалда оймолоп жазуу же панно түрүндө Г. көбүнчө тегиздик рельефти элестет. Станок живописинде Г. техникасы кошумча иштерде: эскизде же нерсеге бир аз түс берүүдө колдонулган (азыр деле колдонулат). Мындай учурда живописчилер ар кандай түстөгү бир түрдүү живописти Г. деп аташкан. 2) Лимос шаарындагы Кайра жаралуу дооруна тиешелүү француздук оймолоп жазылган эмалдар да Г. деп аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү