Гуажажара (guajajara), гуазазара (guazazzara), ошондой эле тенетехара (tenetehára) катары белгилүү. Бразилиянын түпкү эли. Мараньян (Бразилиянын түндүк-чыгышындагы штат) штатындагы 80ге жакын кыштактарда (негизинен Гражао муниципалитетинде) жашашат.
21-кылымдын башындагы саны 15 000ге жакын адамды түзөт.
тенетехара жана португал тилдеринде сүйлөшөт.
Жергиликтүү салттуу ишенимдери (анимизм) карманышат.

Гуажажара
Эне жана бала, Гуажажара эли

Эне жана бала, Гуажажара эли

Гуажажара
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 19 471 (2006) [1]
 Бразилия

Тили

Тенетехара
португал

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдер

Тууган элдер

Тембе

Гуажажара колониялык мезгилден бери эзүүгө жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүп келишет. Азыркы мезгилде алар мыйзамсыз токой кыюучулар жана өз жерлерине мыйзамсыз отурукташкандар менен тынымсыз чыр-чатактар ​​болуп келишет. 2019-жылы гуажажара элинин эки өкүлү өтүп бара жаткан унаанын терезесинен атып өлтүрүлгөн.

Белгилүү инсандар түзөтүү

  • Гуажажара, Соня Боне (Sônia Bone Guajajara) — Бразилиянын түпкү элдердин укугун жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча активист. Бразилиянын түпкү элдердин иштери боюнча министри.
  • Гуажажара, Захи (Zahi Guajajara) — бразилиялык көп профилдүү сүрөтчү, режиссер, киноактриса, журналист. Ал массалык маалымат каражаттары аркылуу Бразилиянын индейлердин көйгөйлөрүн активдүү чагылдырган.

Булактар түзөтүү

  1. Guajajara

Тышкы шилтемелер түзөтүү