Губий-Шаму
Губий-Шаму — топоним. Манас эпосунда кыргыз менен калмак-кытайлардын аралыгында жаткан чөл. Калмак-моңголчо — «Гоби», кытайча «Шамо» кумдуу чөл дегенди билгизет. Географиялык реалияда Гоби Ички Моңголияда жана Кытайдын Түн. батышында жайгашкан чөл жана жарым чөл.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|