Даврушев Мавлюд 1906-жылы Грузиянын Ахильцхин районуна караштуу Чвинта айылында туулган.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, 1943-жылга чейин Сталинградтын алдында пулеметчик болуп согушат. 1943-жылдын күзүндө Севостополь үчүн болгон согушта оор жаракат алып, Кисловодск аскер госпиталында 3 ай жатып, согушка жараксыз деп табылып аскерден бошотулат. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир канча орден, медалдар менен сыйланган. Айылына кайтып келип колхоздо иштеп жүргөндө, 1944-жылы атайын көчүрмөнүн негизинде Өзбекстандын Андижан областына көчүрмө болот. 1956-жылы үй-бүлөөсү менен Сузак районунун Багыш айылына көчүп келет. 1971-жылга чейин Багыш айылында жайгашкан “Таран дубитель” ишканасында эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан. 1996-жылы 1-майда көз жумган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3