Дао (кытай. жол, сапар) – кытай философиясынын өзөктүү түшүнүктөрүнүн бири.

Дао.

Графикалык жактан дао «шоу» – «баш» жана «цзоу» – «сапар тартуу» сыяктуу эки элементтен турган иероглифтин жардамы аркасында сүрөттөлөт. Бул түшүнүктүн алгачкы мифологиялык мааниси «адамдар жүрүүгө тийиш болгон жол» дегенди туюндурган. Чындыгында эле Космос, Жаратылыш жана Адам үчүн жалпы болуп эсептелген Улуу Жолду издөө байыркы кытай философиясы үчүн маанилүү компонент болуп саналган.

Бирок, «Дао» түшүнүгүнүн мазмуну акырындык менен бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болгон да, жаратылыштын, дүйнөнүн жана адам жашоосунун жалпы жоболорун аныктаган мыйзамын туюнта баштаган. Маңызы боюнча карама-каршылыктардын биримдиги менен күрөшүнүн мыйзамына тең маанилеш.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү