Дарбыздын уругун баш бармак жана сөөмөй менен сыгып бийиктикке атмай
(«Дарбыздын уругун баш бармак жана созмөй менен сыгып биииктикке атмай» барагынан багытталды)
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар дарбыздын уруктарын алышып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден дарбыздын уруктарын баш бармак жана сөөмөйдүн учу менен сыгышып бийиктикке атууга аракеттенишет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Дарбыздын уругун баш бармак жана сөөмөй менен сыгып бийиктикке учурган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү
түзөтүүДарбыздын уругун баш бармак жана сөөмөй менен сыгып алыстыкка атмай, Ашкабактын уругун да баш бармак жана сөөмөй менен сыгып бийиктикке атмай.
Оюнду эрежеси
түзөтүүБир бирине тоскоолдук кылууга, чурулдоого болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда манжалардын күчү тарбияланат жана кыймылдуу болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүБул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|