Дарыны ашкере пайдалануу

Дарыны ашкере пайдаланууорганизмге терс таасир тийгизет. Дарынын дозасына жараша дарылоо касиети менен катар организмге тескери таасири да бар.

Биологиялык активдүү дарылар түзөтүү

Акыркы жылдарда биологиялык активдүү көп дарылар ачылып, аларды пайдалануу жолдору жана организмге тийгизген таасири белгилүү болду. Мындай биологиялык активдүү дарыларды (сульфаниламиддер, антибиотиктер, гормон дарылары) кеңири колдонуу бир топ ооруларды айыктырууга же болбосо ооруну жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой болсо да ар кандай дарылардын кесепетинен пайда болгон оорулар көбөйүүдө. Дарынын кесепетинен пайда болгон оору жөнүндө биринчи жолу Е. А. Аркин жазып чыккан (1901-ж.). Бир эле дары дозасына жараша терапиялык (дарылоочу), токсикалык (ууландыруучу) жана леталдык (өлүмгө дуушарлантуучу) касиетке ээ.

Дарынын зыяны түзөтүү

Айрым дарылардын дарылоочу дозасы менен ууландыруучу дозасынын айырмасы өтө эле аз, ошондуктан дарыны догдур сунуш кылган дозасынан ашырбоо керек. Бир караганда эч зыяны жок деп эсептелген витаминдердин дозасын көбөйтүү организмге тескери таасир этет.
Мисалы,

Д витаминин ашкере колдонуу бөйрөк ишин жана кальций алмашууну бузушу ыктымал;
С витаминин узак убакыт колдонуудан тромбдор пайда болот.
А витаминин дозадан ашык кабыл алуудан чач түшүп, тери түлөйт, жүлүн суюктугунун басымы жогорулайт жана башка aнтибиотиктерди ашкере колдонуу аллергия ооруларына жана реакцияларга (к.Аллергия [1]), а. и. анафилаксиялык шокко (Анафилаксия[2]) себеп болот.

Кээ бир оору басаңдатуучу жана дененин ысышын төмөндөтүүчү дарыларды (анальгин, амидопирин, ацетилсалицил кислотасы) көп колдоно берүү кандын составын жана тамак сиңирүү жолунун былжыр челин бузат. Догдур көрсөтмөсү жок өз алдынча дарыны кабыл алуудан организм ага көнүп, дарынын таасири азаят. Айрыкча сеп алдыруучу жана уктатуучу дарыларды (седуксен, элениум, мепробамат, ноксирон, этаминал фенобарбитал жана башка) ашкере колдонууда, бул дарыларга организм көнүп, таасири натыйжасыз болуп калат. Бул учурда дозасын көбөйтүүгө туура келет. Бул дарыларды ашкере колдонуудан акыры адам ага көнүп, ансыз тура албай, артынан түшөт. Ал дарылар борбордук нерв системасына таасир этип, киши психикасын өзгөртөт. Мында киши тез чарчайт, урушчаак болуп, көңүлү чөгөт, унутчаак болот.

Өзгөчө жаш балдардын нерв системасы дарыларга өтө сезгич болот. Ошондой эле улгайган кишилердин кайсы бир дарылардан өзгөчө зат алмашуусу жана кээ бир органдарынын (бөйрөк жана башка) функциялары начарлагандыктан дарылар организмден эң эле жай чыгат. Ошондуктан бул куракта дарыдан уулануу көп болушу мүмкүн. Организмге терс таасир бербеген эч бир дары жок экенин жалаң гана врачтар эмес ар бир киши билүүгө тийиш. Үйдөгү аптечкада йод, бинт, кебез, термометр, нашатырь спирти, ошондой эле өнөкөт оорусу бар үй-бүлө мүчөсүнө тиешелүү дарылар (мисалы, жүрөк ооруларында колдонулуучу валидол, нитроглицерин) болушу зарыл, (к. Өзүн өзү дарылоо[3].)

Шилтемелер түзөтүү

  1. Аллергия
  2. Анафилаксия
  3. Өзүн өзү дарылоо

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8