Декадентчилик (франц. decadence, deca-dentia – талкалануу, кулоо) – маданияттар менен элдердин гүлдөп-өнүгүүсүн жана кулап талкаланышын мүнөздөгөн түшүнүк.

Илимий адабиятта Декадентчилик 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын башындагы ишенимсиздик маанайды, турмушту жек көрүү, өзүмчүлдүк ж. б. терс үстөмдүк кылган европалык маданияттагы кризистик кубулуш түшүндүрүлөт. Декадентчиликтин туруктуу темалары болуп өлүм менен ажалдын мотивдери, өлүп жок болгон рухий баалуулуктарды көксөө, атуулдук идеалдардан баш тартуу, акылдын күчүнө ишенүү, өчүп бара жаткан өмүр менен жашоонун сулуулугуна көз артуу ж. б. эсептелет.

Декадентчилик 1905–1907-ж. болуп өткөн революциядан кийин Орусияда кеңири кулач жайып, “Искусство дүйнөсү” жана “Көгүлтүр роза” (К. Бальмонт, З. Гиппиус, Д. Мережковский, Ф. Сологуб ж. б.) өңдүү чыгармачыл бирикмелерде өнүк-түрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8