Демобилизация - (де... жана лат. mobiliser – кыймылдуу дегенден) – куралдуу күчтөрдү жана чарбанын бардык тармактарын согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү. Демобилизацияаскер кызматын дагыларды куралдуу күчтөрдөн бошотуу, куралдуу күчтөрдүн санын азайтуу, аскер өндүрүшүн кыскартуу, эмгек жана финансы фондусун кайра бөлүштүрүү, транспорт, байланыш, илимий уюмдар жана башкалардын иштерин өзгөртүүнү камтыйт. Демобилизация мамлекеттик жогорку бийликтин чечими менен жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1