Демократтык централизм - башкаруунун жана мамлекеттик түзүлүштүн кээ бир саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын түзүлүшүнөн жана ишмердигинин принциби.

Демократия жана централизм бул принциптин өз ара шартталган тараптары. Тарых далилдеп тургандай, админстрациялык-командалык системанын шартында демократиянын жоктугу жана централизмдин күчөшү, бардык чоң-кичине маселелердин борбордон чечилип калышы бюрократияга алып келди. Централизмден толугу менен баш тартуу анархияга алып келет. Ошондуктан Демократтык централизм зарыл болгон катнашта болгону жана аң-сезимдүү ишке ашырылганы зарыл. Демократтык централизм жок жерде кеңири демократия, мамлекеттин, өзгөчө көп улуттуу, бүтүндүгү, автономия ж. б. болушу мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6