Денотат - (лат. denotatum – белгиленүүчү) б.а. белгиленүүчү нерсе, предмет.

Бир учурда Денотатты белгилүү бир конкреттүү кептин референти катары карашат, экинчи бир учурда реалдуу дүйнөдөгү объект-предметтердин, карым-катыш, ал-абал, иш-аракеттердин, процесстердин жалпылыгы катары аныкташат. Кээде муну экстенсионал деп атап, сигнификатка же интенсионалга карама-каршы түшүнүк катары да белгилешет. Үчүнчү бир учурда экстенсионалдын (көптүктүн) гана бир элементи катары карашат, маселен, генералдар деген түшүнүк экстенсионал болсо, генерал Ахматов Денотат болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4