Дерматит (дерма — тери + итис — сезгенүү) — теринин сезгениши. Оору физиологиялык (рентген, күн нурлары), химиялык (жегич, кислота), механикалык таасирлерден пайда болот. Дерматит жөнөкөй жана өнөкөт түргө бөлүнөт. Жөнөкөй түрү көпчүлүк учурда дүүлүктүргүч таасир эткен жерде (контакт болгондо), башкача айтканда теринин ачык жерлеринде болот. Химиялык заттар менен иштегендерде көп жолугат. Дерматит өтө сезгич териге йод, сымап, новокаин, синтомицин жана башкалар дарыларды жана алардын майын, эмульсиясын, эритмелерин колдонгондо болот. Кийимдин туура эмес тандалышы (мисалы, бут кийим өйкөгөндө, кысканда) Дерматиттин өнүгүшүнө көмөк берет. Өндүрүш шартында жумушчулардын терисине металл, жыгач, айнек, таш көмүр чаңдары да таасир этүүдөн дерматит болот. Жогорку жана төмөнкү температурадан болгон Дерматитке күйүк, үшүк алуу кирет (к. Аллергия). Дүүлүктүргүч таасир эткенден бир аз убакыт өткөндөн кийин тери кызарып, шишип, тунук сары суюктуктуу ыйлаакчалар пайда болот. Эгерде дүүлүктүргүчтүн таасири токтотулса, анда кабылдабай дерматит тез өтүп кетет, ыйлаакчалар жарылат же кургап, кийин үбөлөнүп түшүп, бир нече күндөн кийин айыгат. Ал эми дүүлүктүргүч аз жана начар таасир эткен болсо, тери кызарып, бат эле кургап кетет.

Белгилери түзөтүү

Жалпы белгилери ар түрдүү болушу мүмкүн: дене ысыйт, дүүлүгөт, сиркеси суу көтөрбөйт, уйку качат, нерв системасынын иши начарлайт жана башкалар Дерматит болгон жер тызылдап ачышып, кычышат, ысып, сайгылашат.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоо врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Алды менен дерматиттин себептерин таап аны четтетүү зарыл. Өз алдынча дарылануу кабылдоолорго алып келет. Дерматитти алдын алууда санитардык-гигиеналык чаралар жана жумуш орундарынын тазалыгына көз салуу, желдетүү, жумушчуларды атайын кийимдер (алжапкыч, мээлей жана башкалар), көз айнек, тосмолор жана башкалар менен жабдуу чоң мааниге ээ.

Алдын алуу түзөтүү

Алдын алуу максатында колду адегенде жылуу суу менен самындап жууп, анан ага төмөнкү составдагы май сыйпалат: вазелин, ланолин, шабдалы майы (ага теңме-тең 2% бор кислотасы кошулат). Дерматитке витаминдүү майлар, аскорбин жана ацетилсалицил кислоталары бар майлар жагымдуу келет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8