Децентрализация – мамлекет тарабынан мамлекеттик функциялардын өзүнчө аймактык башкаруу органдарына берилиши. Бийликтин теңдеминин борбордук деңгээлден жергиликтүү деңгээлге берилиши – бул децентрализациялоонун жалпы түшүнүгү. Ал эми тар түшүнүгүндө мамлекет менен анын администрациялык-аймактык бөлүктөрүнүн өз ара аракеттеринин системасын берет.

Децентрализация башкарууну демократташтыруу үчүн шарттарды түзүү менен өкмөттү элдерге жакындаштырат. Децентрализация борборлоштурулган жетекчиликти да, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы өзүн-өзү жөнгө салууну да, экөөнү тең өзүнө камтыйт.

Децентрализация жүрүп жаткан бардык өлкөлөргө мүнөздүү болгон анын төмөнкүдөй белгилери бар:
1. Мыйзам чыгаруу бийлиги жергиликтүү өз алдынча башкарууну жалаң гана мыйзамдын чегинде иштөөгө милдеттендирбестен, ага мамлекеттик саясатты да жүргүзүүнү жүктөйт. Мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруу кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик башкаруунун бир звеносу катары берилет. Бул көрүнүш өзгөчө континенталдык моделге кирген мамлекеттерге көбүрөөк мүнөздүү.
2. Жергиликтүү жамааттар өздөрү-нүн өкүлчүлүк органдарын (кеңештерди) шайлашат, алар жергиликтүү кызыкчылыктарды коргоого милдеттүү. Ал эми анын аткаруу-тескөөчү аппаратына мыйзам өзгөчө талаптарды коет, ал аппарат мамлекеттик таасирден төмөнкү эки вариантынын бирөөнү камсыз кылат:

  • Көпчүлүк өлкөлөрдө аткаруу-тескөөчү орган эл тарабынан шайланбайт, өкмөт же жогорку администрациялык органдар тарабынан дайындалат. Демек, аткаруу-тескөөчү аппарат элден бөлүнүп турат. Албетте, Кеңештер кабыл алган чечимди аткаруучу орган ишке ашырууга милдеттүү.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үстүнөн администрациялык көзөмөлдү орнотуу. Мындай көзөмөл атайын дайындалган кызматчы аркылуу жүргүзүлөт. Италияда – бул провинциянын префекти жана областын комиссары, Францияда - бул департаменттердеги өкмөттүк комиссарлар. Бул дайындалган өкүлдөр мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөн жергиликтүү органдын актыларын бекитет, же тескерисинче, мыйзамга же жалпы улуттук кызыкчылыктарга каршы келген учурларда андай актыларды токтотууга же алып салууга укуктуу. Кээ бир учурларда аларга жергиликтүү кызматчылардын үстүнөн иш козгоого жана жергиликтүү кеңештерди таркатууга чейинки укуктар берилет.

Децентрализациялоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу чечимдерди дайыма эле өз алдынча кабыл ала албайт.

Мисалы: жергиликтүү бюджет мамлекеттик кызыкчылыктарды эске албай бекитилсе, анда күч менен өзгөртүүлөр киргизилет: милдеттүү түрдө билим берүүгө чыгымдар ж. б.

Албетте, децентрализациялоодо жергиликтүү өз алдынча башкарууга белгилүү өз алдынчалыктар берилет. Анын көлөмү өкмөттүн саясатына, экономиканын абалына, элдин маданияты көз каранды. Кандай болбосун, эгер өкмөт чектен чыга кийлигише баштаса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сотко кайрылууга уктары бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8