Дидактикалык адабият – акыл-насаат менен тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанрдагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор . Дидактикалык адабият философиялык, диний, адеп-ахлактык идеяларды жана илим-билимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим менен искусство бири-биринен ажырай электе, мисалы, алгачкы жамааттык коомдо, дидактикалык адабият дүйнөнү аңдап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок илимий жана философиялык түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда болуп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, айрыкча жаңы доордо дидактикалык адабият үчүн көркөм түрү «олуттуу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык дидактикалык адабияттын үлгүлөрүндө синкретизмдин белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык адабиятта Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасына арналган «Эмгек жана күндөр», Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» деген философиялык поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан жана орто кылымда нукура дидактикалык адабият менен катар диний, философиялык, этикалык мүнөздөгү дидактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар жана илимпоздор дидактикалык адабиятка кайрылышкан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-кылымдан тартып «дидактикалык» деген түшүнүк искусствого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз адабиятынын тарыхында дидактикалык адабият айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаман-жакшы, ак-кара жөнүндө түздөн-түз айтылган акыл-насаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1